Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен шаардын аймагында жайгашкан курулуш объектилерине курулуп жаткан убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн талапка ылайык алып келүү иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө 10 күндүк мөөнөт менен курулуш объектилеринин убактылуу тосмолорун жана эстетикалык көрүнүшүн ирээтке келтирүү талабы менен 10 эскертүү берилди.
Берилген билдирүүлөр:
- Курчатов көчөсү 46 дарегиндеги көп кабаттуу үй ;
- Коперник көчөсү, 5 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай;
- Коперник көчөсү, 24 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай;
- Курчатов көчөсү 18, 20, Воркутинская көчөсүндөгү көп батирлүү турак-жайлар ;
- Термечикова көчөсү, 15 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай;
- Репина көчөсү, 15 дарегиндеги көп кабаттуу турак үй;
- «Алим Строй» көп кабаттуу турак-жайы;
- Алай кафеси, Алтымышева көчөсү, 55
- Юнусалиев,46,48 көчөсүндөгү административдик имарат
- Орто-Сай базарындагы административдик имарат.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан курулуш иштерин өндүрүштө (убактылуу тосмолорду орнотуу, оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн жууган аянтчаны уюштуруу) нормаларды жана талаптарды сактоо боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.