Учурда Үсөнбаев жана Сыдыков көчөлөрүнүн боюнда капиталдык  оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу жол оңдоого тоскоолдук жараткан темир гараж алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин 28-июлда темир гараждын ээси менен жер тилкесин ижарага берүү келишими бузулган. Темир гаражды алуу жолу  капиталдык оңдоону натыйжалуу жүргүзүүгө, ошондой эле жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Биз жарандарды мындай иш-чараларды түшүнүүгө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүгө чакырабыз, анткени биргелешкен иш шаардын инфраструктурасынын жакшырышына алып келет.