Иш Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Скважинанын тереңдиги 240 метрди түзөт, буга чейин 240 метр түтүк төшөлгөн, анын диаметри 344 мм. 100 метр, 295 мм 145 метр жана башкаруучу түтүк 159 мм, андан тышкары экинчи скважина болот, тереңдиги 240 метр.

Бүгүнкү күндө биринчи скважинаны бургулоо иштери аяктап, электр тармактарын кошуу иштери жүрүп жатат, экинчи скважинаны да бургулоо иштери башталды.

Скважинаны бургулоо «ГлавТехИнвест» ЖЧК подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.