Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин кезектеги жарандарды жеке кабыл алуусу өттү.

Жолугушууда райондун тургундары ар кандай суроолорду узатышты: турак жайларды газдаштыруу, материалдык жардам көрсөтүү жана «Ош базар» соода комплексинин аймагындагы стихиялуу сооданы жоюу.

Тургундардын бардык кайрылуулары боюнча райондун башчысы тиешелүү кызматтарга бардык маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.

Акимдин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн муниципалдык администрациянын бирдиктүү терезесине (биринчи кабат, фойенин сол тарабында) же 0 (312) 656905, 656909 телефондору аркылуу кайрылуу керек.

Маалымат үчүн:
Жарандардын кайрылууларын ыңгайлуу жана ыкчам чечүү үчүн Ленин районунун акимиатынын имаратынын 1-кабатында коомдук кабыл алуу бөлмөсү иштейт.

Ошондой эле 0(312) 65-68-91 ишеним телефонуна чалса болот, мында ар бир кайрылуу “чалуулар журналына”катталып, райондук кызматтарга жөнөтүлөт.

Коомдук кабылдаманын иштөө убактысы жана чалууларды кабыл алуусу иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин жүргүзүлөт.