Кечээ борбор калаанын мэриясы 7-апрель көчөсүндөгү турак эмес жай ("Дубровский" ресторанынын имараты) муниципалдык менчикке өткөндүгү тууралуу маалымат таратты.

Мурда ижарага алынган участоктун аянты канча?

Ресторандын ээлери тарабынан ижарага алынган жер участогу 3700 чарчы метрди түзөт, анын ичинен 493 чарчы метрге ресторан түрүндөгү турак эмес жай жайгашкан, ошондой эле жанаша аймакта коомдук тамактануу муктаждыктары үчүн башаламан курулган чарбакер субъекттер бар (азыктарды сактоо, тамак-аш даярдоо ж.б.), аларсыз мекеменин администрациясы өз ишин санитардык жана өрт ченемдерине ылайык жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Белгилей кетсек, аянты 3200 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан чарбалык курулуштар мурда пландаштырылгандай демонтаждалат.

Бошотулган жер тилкеси "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын кызыкчылыгы үчүн кирүү жана чыгуу процесстерин жөнгө салуу, ошондой эле автопаркты кеңейтүү (оңдоо жайларын, унаа токтотуучу жай үчүн кошумча аянтты уюштуруу) максатында пайдаланылат.

Эмне үчүн демонтаждоо жөнүндө билдирүү берилген?

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине ижара укугун берүү боюнча Комиссиянын отурумунда жогоруда аталган объекттин ээлерине ижара келишимин узартуудан баш тартуу чечими кабыл алынды. Андан ары жол-жоболук учурларды сактоонун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык тарабынан болгон чарбалык курулуштарды демонтаждоо жолу менен муниципалдык жер участогун бошотуу жөнүндө билдирүү берилген. Бирок ээси Бишкек шаарынын социалдык муктаждыктары үчүн аянты 493 чарчы метр турак эмес жайды муниципалитетке акысыз негизде өткөрүп берүү ниетин билдирген.