«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында көмүр отканаларын газ отканаларына өткөрүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө.
«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасына таандык шаардык билим берүү мекемелеринде көмүр отканаларын газга өткөрүү боюнча капиталдык курулуш кызуу жүрүп жатат:
- № 49 жана № 54чү мектептерде капиталдык курулуш иштери жүрүп жатат;
- № 7, 59, 15, 32, 35, 74 мектептерде жана №12 бала бакчада «сендвич-панель» ыкмасы менен жаңы имараттын каркасты орнотуу иштери аяктоодо;
- № 82, 96чы мектептерде капиталдык курулуш жана от казан жабдууларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө;
- № 41, 98 мектептерде курулуш иштери бүткөрүлдү.
Учурда 4 көмүр отканасы жаратылыш газына өтүүгө даяр: Алар № 23- мектеп, Тойгонбаев отканасы, "Байыр" отканасы жана №187 -бала бакча.
Курулуш иштери жана от казан жабдууларын монтаждоо иштери аяктап, жаратылыш газына кошулуу күтүлүүдө.
№ 86, -99 -мектептеринин отканаларынын аймагында газ түтүк тармагы жок болгондугуна байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкармалыгына электр жылытуу системасына кошуу маселесин кароо боюнча кат жөнөтүлгөн. № 86,-94- 99-мектептердин отканасына жылуулук насосторун алып келүү жана орнотуу боюнча иш аткаруулуда. Эскерте кетсек, аткарылып жаткан иш окуу жылынын башына чейин толук аяктап бүткөрүлөт.