Байтик-Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейил бак пайда болот. Аянты 120 чарчы метрди түзөт, учурда сейил бакта тротуар жана сугат тармактары орнотулууда.
14 даана сугат Б3 лотоктору коюлуп, куруу иштери бүтөрү менен жаңы отургучтар жана таштанды үчүн атайын челектер коюлат.
Багбандар жаңы сейил бакты жашылдандырып, газон чөптүн үрөнүн себишет.