Борбор калаада Үсөнбаев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин Абдрахманов көчөсүнө чыгуу менен капиталдык оңдоодон өтө баштады.

Жаңы жолдун узундугу 280 метр, туурасы 4 метр. Ошондой эле ирригациялык системаны орнотуу менен туурасы 1,5 метр тротуар орнотулат.

Эски асфальтты сыйруу, бордюрду демонтаждоо иштери аяктады. Бүгүн түтүктөрдү орнотуу башталды.

Ошондой эле жакынкы арада Конорчок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейинки жолду 1 350 метр узундугу менен капиталдык оңдоону баштоо пландаштырылууда.