Свердлов районунда социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү, анда долбоордун катышуучуларынын программалары жана бизнес-пландары каралды.
Долбоордун алкагында 2023-жылы комиссиянын 4 жыйыны өткөрүлдү, анда бизнес-долбоорлор боюнча 29 арыз каралып, алардын ичинен 22 документ жактырылды.
2023-жылга Свердлов району боюнча 22 катышуучуга квота берилген. Алардын ичинен долбоордун 12 катышуучусу 100 миң сомдон алышты. Калган 10 катышуучу жакынкы арада 100 миң сомдук сертификат тапшырылат.
Бүгүнкү күнгө чейин 12 арыз ээсинин бизнес-пландарында көрсөтүлгөн өз ишин уюштурууга зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жүргүзүлдү. Бул үчүн ар кандай багыттар боюнча сатып алууларга атайын топтор түзүлгөн.
Жалпысынан 12 бизнес-план бекитилген, анын ичинде:
- тигүү өндүрүшү-10;
- коомдук тамактануу жана тамак бышыруу-1;
- жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн унаа сатып алуу-1.