Дельфин спорт мектебинин дзюдо бөлүмүнүн окуучулары 2023-жылдын 27-июлунан 30-июлуна чейин Ташкент шаарында өткөн дзюдо боюнча кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Грузиянын курама командаларынын күчтүү дзюдочулары катышты, алардын арасында кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча дүйнө жана Азия чемпионаттарынын, ошондой эле улуттук чемпионаттардын учурдагы жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болду.
Кадеттер арасындагы турнирде 52 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалды машыктыруучу Юлия Кулигинанын тарбиялануучусу 2008-жылы туулган Какитаева Айдай жеңип алды. Дзюдо боюнча КРнын спорт чебери Канатбеков Эржан ишенимдүү күрөш көрсөтүп, эң татаал 5 беттеш өткөрүп, өспүрүмдөр арасында 81 кг салмакта күмүш медалга ээ болду. Окуучуну дзюдо бөлүмүнүн улук машыктыруучусу Ислам Баялинов даярдады.
Биздин спортчулардын жыйынтыгы менен дзюдо боюнча кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын кадеттер курама командасы жалпы командалык 3-орунду, ал эми өспүрүмдөр курамасы 6 команданын ичинен 2-командалык орунду ээледи.