Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова акциянын мектептин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандырууда өзгөчө орду бар экендигин белгиледи.


Акциянын башында катышуучулар үчүн  мектептин ичине экскурсия өткөрүлдү. Андан кийин вице-мэр Айгүл Рыскулова, «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын, окуучулардын, алардын ата-энелеринин катышуусунда көчөттөр отургузулду.


Маалымат: «Дордой» конушундагы 960 орунга ылайыкташтырылган  мектеп 2015-жылдын октябрь айында ачылган.