Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» МИ кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1400 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр  берилген.