Картаны О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргызпочтасы» ААК филиалдарынан, «Тулпар» тейлөө борборлорунан, троллейбус, автобус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт.

Убактылуу акциянын алкагында 20-августтан тарта айдоочулардан сатып алууда картанын баасы бир жолку бекер жол жүрүү менен  30 сомду түзөт. Соода түйүндөрүнүн толук тизмеси менен https://www.tulpar-card.kg/about/buy/ шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.

Балансты кантип толтуруу керек?

Балансты терминалдардан, төлөм системалары аркылуу (ККБ, Мбанк, Megapay, Balance, O! Money ж.б.), «Кыргызпочтасы» ААК филиалдарынан толуктасаңыз болот. Толук тизме менен https://www.tulpar-card.kg/about/pay/ шилтемеси аркылуу таанышыңыз.

Балансты кантип көзөмөлдөө керек?

Ал үчүн Tulpar мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, картаны байланыштырыш керек. Колдонмо iOS жана Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү.