1-август күнү Ленин акимиатынын жыйындар залында райондун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгында шаардык, райондук кызматтардын жана МАБдардын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландык жыйын болуп өттү.

2023-жылдын I жарым жылдыгындагы аткарылган иштер боюнча «Бишкекжашылчарба» МИнын отчету жана Жеке турак-жай курулуш департаментинин директорунун орун басарынын баяндамасы угулду.

Жыйындын жыйынтыгында башчынын орун басары Б.Караевге Президенттин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тапшырылды.

Райондогу МАБдардын жетекчилерине мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын ыкчам кароо жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык ишти активдештирүү, МАБдын айланасын таза кармоо жана МАБдын имараттарындагы мамлекеттик тууну тиешелүү формага келтирүү, ошондой эле Ленин райондук Билим берүү департаментинин директоруна да мамлекеттик тууну мектептерде үлгүлүү формага алып келүү тапшырмасы берилди.

Башчы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасын терең урматтоо Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын патриоттук милдети экендигин баса белгиледи.