Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев “Жер-Ынтымагы” жаңы конушунун тургундары менен жолукту.
Жыйынга шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле БШКнин депутаты Таалай Темиркулов катышты.
Көчмө жыйында “Жер-Ынтымагы” жаңы конушундагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, канализация тармагын куруу жана газдаштыруу маселелери талкууланды.
Бул жолугушууда райондун акими жерлерге мунапыс берүү, канализация тармагын туташтыруу жана газдаштыруу боюнча абалды түшүндүрүп, Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундарынын көйгөйлөрүн укту.
Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен аталган конуштагы көйгөйлүү маселелер боюнча шаардык жана райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.