«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин улантууда.

Ошентип, ишкананын бригадасы «Красный строитель» конушун жарыктандырды. Үч Когон, Чоң Коргон, Гончарный көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Алар кубаттуулугу 100 Вт болгон 42 светодиоддук чырактарды орнотуп, 1400 метрге жакын өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды (SIP) орнотушту.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.