Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов МАБ,  шаардык кызматтары менен биргеликте Москва көчөсүндөгү №100 үйдүн короосун карап чыгышкан.

Окуя болгон жерде атайын техника короого кире бериштеги ээси жок жана мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштерин баштады.

Максаты – оперативдүү кызматтардын, ӨКМдин, тез жардамдын, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана милиция кызматкерлеринин унааларын короого кирүү үчүн иретке келтирүү.

Бул багыттагы иштер улантылууда.