Свердлов районунун анонимдүү демөөрчүлөрү Дордой - 2 конушунун тургундарына гуманитардык жардам жеткиришти.
Свердлов районунун №21 МАБ аймагында Дордой-2 конушундагы 60 үйгө жардам көрсөтүлдү. Белгисиз демөөрчүлөр жергиликтүү тургундарга берешендикти жана камкордукту көрсөтүп, гуманитардык жардам таратышты.
Гуманитардык жардам төмөнкү азыктардан турат: бир кап ун, 25 кг күрүч, 10 кг вермишель, 3 литр коюлтулган сүт, 3 банка консерваланган азыктар, 3 пачка чай жана 5 литр өсүмдүк майы.
Кайрымдуулук азыктар менен гана чектелген жок. Демөөрчүлөр ар бир үйгө 15 000 сомдон жана баатирди ижарага алып жашаган 30 үй бүлөгө 10 000 сомдон тапшырышты.
Акциянын уюштуруучулары атын атагысы келбей, анонимдүү болушун каалашты. № 21 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары демөөрчүлөргө камкордугу жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиришет. Бул боорукердик иш-аракеттери биримдикке үлгү болуп, кыйынчылыктарды жеңүүгө жана дүйнөнү жакшыртууга жардам берет.