Жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн жана абанын булганышына, түтүнгө каршы күрөшүүнүн алкагында акимиаттарда газдаштыруу боюнча калк менен жолугушуулар өтүүдө.

Райондук акимиаттардын жетекчилиги, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, "Айыл банк" ААК жана "РСК банк" өкүлдөрү катышышты.

Биринчи май районунун "Щербаков", "Салам Алик", "Алтын Бешик", "Көлмө", "Жеңиш", "Балбан Таймаш", "Аска – Таш", "Маданият", "Керемет", "Касым" конуштарынын тургундары менен жолугушуу өттү.

Ленин районунда  "Арча-Бешик", "Ак-Ордо", "Ак-Өргө", "Ала-Тоо" конуштарынын жашоочулары менен жолугушуу уюштурулду.

Ошондой эле, жолугушуулар Октябрь жана Свердлов райондорунун активи менен өттү.

Суроо-жооп форматында катышуучуларга көгүлтүр отунга кошулуу үчүн насыялоонун ыңгайлуу шарттары жөнүндө маалымат берилди.

Белгилей кетсек, банктар 150-200 миң сомго чейин, 24 айга бөлүп төлөө менен, төмөн пайызда, күрөө, кепил жана баштапкы төлөмсүз насыя берүүгө даяр, ошондой эле насыяны төлөөнүн ыңгайлуу графигин тандоого эркиндик беришет.

Урматтуу шаардыктар! Газ-бул экологиялык гана эмес, каржы жагынан пайдалуу, анализ көрсөткөндөй, катуу отунду (көмүрдү) колдонуу алда канча кымбат.