Бул жолу жарандар турак-жай, материалдык жардам, жолдорду оңдоо, социалдык жөлөк пулду төлөө маселелери боюнча кайрылышты, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана ар кандай көйгөйлөр талкууланды.

Райондун башчысы 12 шаар тургунун  кабыл алды.

Жарандардын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтарга жана жооптуу кызматкерлерге тапшырмалар берилди. Бардык айтылган маселелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чегинде ыкчам тартипте каралат.

Материалдык жардам боюнча кайрылууларды чечүү үчүн райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кезектеги комиссиясынын жыйынына киргизилет.

Райондун башчысынын жеке кабыл алуусуна кантип жазылса болот?

Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев жеке кабыл алууну ар жуманын бейшемби күнү саат 14:00дө алдын ала жазылуу менен кабыл алат.

Жеке кабыл алууга жазылуу үчүн байланыш телефондору: 0312 656905, 656909

Башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматов  ар жуманын шаршемби күнү, Турак-жай, коммуналдык чарба жана транспорт маселелери боюнча башчынын орун басары Бакыт Караев ар жуманын шейшемби күнү, Социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары А.Джунусова  жума күндөрү кабыл алат.