Свердлов районунда веложол менен тротуар куруу пландалууда.

Бул долбоорду Шабдан Баатыр проспектисин бойлото (Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүктө) ишке ашыруу, ошондой эле борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Свердлов райондук акимиаты,   ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү  башкаруу департаменти тарабынан комиссиялык чыгуу  уюштурулду.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан жеңилдетилген объектилерди уруксатсыз орнотуу, кире бериш топторду уюштуруу, ошондой эле көп батирлүү турак жайларды кеңейтүү боюнча көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган.

Ошондой эле муниципалдык аймакты өз алдынча басып алууга жол бербөө боюнча жогоруда аталган курулуштардын ээлери менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгы боюнча комиссиянын курамы тарабынан каралып жаткан аймакты шайкеш келтирүү боюнча таасирдүү чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алынды.