Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде, мэрдин орун басары  Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында  жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда Октябрь районунун аймагындагы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксатсыз кошумча курулган курулуштарды бузуу иштери улантылууда.

Башкармалыктын кызматкерлери Октябрь акимчилигинин кызматкерлери, "Бишкекбашкыархитектура" МИ, МАБ жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап  М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду.  Ошондой эле жарнамалык конструкциялар да алынды.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин мыйзамсыз орнотулган объектилердин ээлери өз ыктыяры менен алышат.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр  берилген.