КР Куралуу күчтөрүнүн  Кургактагы аскерлеринин 73809 аскер бөлүгүнүн базасында Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы "Эр жигит" спартакиадасынын командаларынын салтанаттуу сыйлоо аземи Свердлов районунун башчысынын орун басары Асел Садыкованын, аппарат жетекчиси Акматбек Кожомкуловдун катышуусунда өттү.

Райондук "Эр жигит" спартакиадасына спорттун аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча Свердлов районундагы 11 мектептин командалары катышты.

Райондук этаптардын жыйынтыгы боюнча конкурстун шаардык этабында 4 жалпы билим берүү уюмдарынын № 24, 31, 62, 89 командалары катышып, спартакиаданын райондук этабында 1-орунду ээлешти.

Катышуучулар 7 номинация боюнча ат салышты:
- саптык даярдык;
-  күч көнүгүүлөрү;
- 100 метрге чуркоо;
- автоматты чачуу жана чогултуу;
- 1000 метрге чуркоо;
- Ф-1 жасалма гранатасын 30 метр аралыкка ыргытуу;
- пневматикалык мылтыктан ылдам атуу.

Сынактын шаардык жана республикалык этабынын жыйынтыгы боюнча Свердлов районунун № 89 орто мектебинин командасы максималдуу упай топтоп, 1-орунду ээледи.

Аскердик бөлүктүн командачылыгы мектеп окуучуларына салтанаттуу жолугушуу даярдап, Кургактагы аскерлердин штабынын өкүлдөрү жана өздүк курам тосуп алышты. Окуучуларга согуштук аракеттер көрсөтүлүп, атактуу бригаданын каада-салттары жөнүндө сөз болду, ошондой эле казарма, дене тарбия залы, жоокерлердин ашканасы, заманбап аскердик курал, аскердик кийим жана аскердик транспорт боюнча экскурсия өткөрүлдү.

73809 аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары подполковник Алтынбек Талантович окуучуларды келгендиги менен куттуктап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берип, ийгиликтерди каалады.

Экскурсия КР Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө"Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.