Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жарандарды кезектеги жеке маселелери боюнча кабыл алды. Район башчысына кайрылуулар социалдык жана жер маселелерине байланыштуу болду.

Бардык кайрылуулар катталып, каралып, кабыл алуу  учурунда түшүндүрмөлөр берилип, көзөмөлгө алынды.

Эскерте кетсек, жарандарды жеке кабыл алуу - турмуштук оор кырдаалда турган же чечилбей жаткан көйгөйгө туш болгон адамдарга көмөк көрсөтүү максатында жүргүзүлөт. Кабыл алууга - (0312) 36-01-93 номери боюнча жазылсаңыздар болот.