Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышынын отурумунда , 2023-жылдын 25-апрелинде "Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө" №81 токтому кабыл алынды.

Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, муниципалдык менчиктин объекттеринин пайдаланылышын талаптагыдай контролдоо максатында кабыл алынды.

Объекттердин тизмеси менен бул жактан таанышса болот:

https://drive.google.com/file/d/1tL-yO6M_hwtRLF8cDLp1tZIWu3-alnW6/view?usp=sharing