“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, 2023-жылдын 5-июлдагы №61-п Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин «Заманбап базарды куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун жеке демилгеси боюнча сунушту бекитүү жөнүндө" буйругуна, Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 13-июлундагы № 161-р буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар тараптарды Хвойная, 70 дареги боюнча «Заманбап рынокту куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо түз сүйлөшүүлөргө катышууга чакырат.
Мамлекеттик өнөктөштүн объекти боюнча кыскача маалымат:
- долбоор Бишкек ш., Хвойная көч., 70 дареги боюнча заманбап базар курууга багытталган;
- болжолдонгон жер тилкесинин аянты 7,47 га;
- МЖӨ долбоорунун мөөнөтү 25 жылга чейин (алдын ала, бирок андан ашык эмес);
- жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы.
Конкурска катышуу үчүн квалификацияга суроо-талап менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот: браузерден ушул терезени басканда квалификациялык суроо-талап ачылат.