Ленин акимиятынын жыйындар залында мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева жана райондун башчысы Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы алдында Ленин районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыгы боюнча коллегия өттү.
Коллегияга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Улан Сариев, Бекжан Үсөналиев, шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана райондун МАБдардын жетекчилери катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө Ленин районунун 1-жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2023-жылдын 2-жарым жылдыгына милдеттери жөнүндө доклад менен Ленин районунун акиминин биринчи орун басары С.Т. Мырзакматов баяндама жасады, ошондой эле Ленин райондук билим берүү борборунун директору Т.Э.Темирканованын 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы жана жаңы 2023-2024-окуу жылына даярдык көрүү боюнча милдеттери тууралуу баяндамасы угулду.
Жыйында жетекчинин биринчи орун басары С.Т.Мырзакматовго Ленин райондук салык башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин административдик районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толук көлөмдө аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.
Турак жай-коммуналдык чарба боюнча башчынын орун басары Б.О. Караевге райондун тышкы көрүнүшүн жакшыртуу максатында райондогу санитардык абалды, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана катуу таштандыларды чыгарууну туруктуу көзөмөлгө алуу, ошондой эле курулуп жаткан объектилердеги ишти күчөтүү жана аны өз убагында бүткөрүү тапшырылды.
Ленин райондук Билим берүү борборунун директоруна райондогу МАБдын жетекчилери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу, балдардын акысыз мектепте билим алышына шарт түзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Райондогу МАБдардын жетекчилерине КР Президентинин №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү милдеттендирилди.
Коллегиянын жыйынтыгында коллегиянын тиешелүү токтомдору кабыл алынды.