Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде уруксаты жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып,  токтотулду.

Шаардык прокуратуранын жана КРнын  Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.