Шаардыктардын кайрылууларын ыкчам чечүү жана ыңгайлуулук үчүн Биринчи май акимиатынын имаратынын 1-кабатында коомдук кабылдама ачылды.

Ошондой эле 0(312) 66-15-37, 32-51-60 ишеним телефондоруна чалса болот, мында ар бир кайрылуу  “чалуулар журналына” жазылат жана райондун кызматтарына жөнөтүлөт.

Коомдук кабылдаманын иштөө графиги жана күн сайын эртең мененки саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин.

Белгилей кетсек, иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин "Коомдук кабылдаманы түзүү жөнүндө" буйругун аткаруунун  алкагында жүргүзүлүүдө.