Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Эскерте кетсек, борбордо "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыздарды кабыл алуу улантылууда.

Бүгүнкү күндө документтердин толук пакетин тапшырган Биринчи май жана Октябрь райондорунун тургундарынын тизмеси белгилүү болду.

Арызга " Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин  2-пунктунда каралган жер мунапысынын объектисинин түрүнө ылайык төмөнкү документтер тиркелет:

- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү - жеке жак үчүн же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун көчүрмөлөрү (бар болсо);
- өкүлдөрдүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастаган документтер (бар болсо) (жер мунапыс объектин сатып алуу фактысын ырастаган документтер же тиешелүү тил каттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана жер мунапыс объекттерине тиешелүү башка документтер).

Берилген материалдардын аныктыгы үчүн арыз ээси жеке жоопкерчилик тартат.

Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону,57  (Жеке турак жай курулушу  жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.


СПИСОК объектов земельной амнистии по Первомайскому административному району мэрии города Бишкек

СПИСОК объектов земельной амнистии по Октябрьскому административному району мэрии города Бишкек