Мэрдин транспорт жана курулуш боюнча орун басары Мурат Осмоновдун тапшырмасы боюнча «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Махабат Шамбетова Капиталдык курулуш башкармалыгынын, «Бишкексууканал» башкармалыгынын, ошондой эле Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирге жыйын өткөрдү.
Жеринде архивдик схемалар изилденип, борбордун түштүк пландоо зонасында жана Аламүдүн районунда инженердик тармактарды өткөрүү үчүн бөлүнгөн аймактар изилденди.
Белгилей кетсек, айрым курулушчулар жер тилкелерин өздөштүрүү шарттарын сактабай, ошону менен инженердик тармактарды курууга тоскоолдук кылып жатышат.
Жыйындын жыйынтыгында маселени мындан ары да иликтеп, белгиленген тартипте ишти улантуу чечими кабыл алынды.
Маалымдама: Бишкек шаарынын түштүк пландоо зонасы деталдуу пландоо долбоору болуп саналат