Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, КР президентинин аппаратынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.


Алар  2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюшту.


Ошондой эле иш-чарага элдик апрель революциясында курман болгондордун жана жабыркагандардын үйбүлөлөрү, катышуучулары, Жогорку кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү катышты.