Октябрь районунда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Күн тартибине ылайык 3 маселе каралды:
- райондун аймагында мыйзамсыз (баш аламан) курулуш;
- кылмыштуулуктун абалы;
- жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу.

Жыйындын жыйынтыгында район башчысы Жаныбек Орозалиев «Бишкекбашкыархитектура» МИна жана Бишкек шаары боюнча  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине эки жумалык мөөнөттө мыйзамсыз курулуштар жаатындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгууну тапшырды.

Кылмыштуулуктун абалы боюнча райондун ички иштер башкармалыгы менен МАБтын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча атайын тапшырма берилди.

Ал эми жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселесине келсек, окуучулар жана алардын ата-энелери менен лекцияларды күчөтүүнү тапшырды.