Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Келечек конушуна бала бакча курууда.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабатуу, жер участогунун жалпы аянты - 0,44 га, ал эми жайдын аянты-1314,14 чарчы метр.

Имаратта оюн, буфет, ашкана, таркатма бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинеттер, башчынын кабинети, музыкалык+гимнастикалык зал, методист бөлмөсү, персонал жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Учурда темир-бетон каркастарын куруу иштери аяктап, кирпич коюу жана чатырды жабуу иштери улантылууда.

«Бай Мен» ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.