Октябрь районун өнүктүрүүгө инвестиция тартуу максатында МЖӨ борборунун кызматкерлери Жаныбек Орозалиевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Октябрь райондук   администрациясынын кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» деген темада   лекциясын өткөрүштү.

Бул лекция Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу боюнча потенциалын жогорулатууга багытталган.

Лекциянын  алкагында райондук администрациянын, МАБдын жана райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери Октябрь районунун жаңы социалдык инфраструктурасын жаңылоо жана модернизациялоо максатында жеке инвестицияларды тартууда МЖӨ механизмин колдонуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат алышты.

Лекциянын катышуучулары ошондой эле Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жана жалпы механизмдин өнүгүшү менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Өз кезегинде МЖӨ борборунун кызматкерлери Октябрь районунда ишке ашырыла турган иштердин долбоордук сунуштарын беришти.