Чүй проспектисин бойлой Бейшеналиева көчөсүнөн  Фучик көчөсүнүн кесилишине чейин кире бериш топторду иретке келтирүү иштери жүргүзулүүдө. Иштин жүрүшүндө 68 жарнама конструкциясы, баннерлер алынды.

Жеринде Ленин райондук акимиатынын, МАБдын, Жер пайдаланууну контролодоо боюнча башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барды.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объектилердин ээлери ыктыярдуу түрдө бузуу иштерин жүргүздү.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр  берилген.