Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында өз алдынча объектилердин курулушуна бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бардык материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен Чуйков көчөсү 132/2 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай бузулууга тийиш, анын заказчысы «Эконом Хаус» ЖЧКсы.  “Эконом Хаус” ЖЧКсы өз алдынча курган  көп кабаттуу турак жайды бузууга милдеттүү.

Ошондой эле, Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын 14-февралындагы чечими менен Биринчи май сотунун чечими күчүндө калтырылган.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын 30-майындагы чечими менен иш биринчи инстанцияда жаңыдан кароого жиберилген.

Жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 17-февралындагы чечими менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Учурда Биринчи май сотунда соттук териштирүү уланууда.