Бишкекте   жер мунапысына туш келген объекттерге арыздарды кабыл алуу боюнча иштер улантылууда. Бүгүнкү күндө документтердин толук тапшырган Биринчи май жана Свердлов  райондорунун тургундарынын тизмеси белгилүү болду.

Эскерте кетсек, борбор калаада мунапыс объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекемдөө боюнча жерге мунапыс берүүнү жөнгө салган "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыздарды кабыл алуу уланууда.

Арызга "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-берененин  2-пунктунда каралган жер мунапысынын объектисинин түрүнө ылайык төмөнкү документтер тиркелет

- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү - жеке жак үчүн же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун көчүрмөлөрү (бар болсо);
- өкүлдөрдүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастаган документтер (бар болсо) (жер мунапыс объектин сатып алуу фактысын ырастаган документтер же тиешелүү тил каттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана жер мунапыс объекттерине тиешелүү башка документтер).

Берилген материалдардын тактыгы үчүн арыз ээси жеке жоопкерчилик тартат.

Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону , 57  дареги боюнча  (жеке турак жай курулушу  жана шаар куруу департаментинде )жүргүзүлөт.

Байланыш номерлери : 0312 979297, 0312 97 94 54


СПИСОК объектов земельной амнистии по Первомайскому административному району мэрии города Бишкек
СПИСОК объектов земельной амнистии по Свердловскому административному району мэрии города Бишкек