Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы “Арча-Бешик” конушунда бала бакча курууда.

Имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты- 1889,3 чарчы метр.

Учурда ички жасалгалоо жана айланасын   көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштерин “КББ” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.