Октябрь районунун акиминин орун басарлары 2022-жылы социалдык келишимдин негизинде жеке ишкерликти баштаган үй-бүлөлөрдү кыдырып, алар менен баарлашты.
Ишкерликти баштаган үй-бүлөлөр өздөрүнүн жетишкендиктери, ошондой эле кандай тоскоолдуктарга туш болгонун айтып беришти.
Эске салсак, 2022-жылы социалдык контракттын негизинде Октябрь районунун 71 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү төмөнкү багыттар боюнча иш баштаган:
- тигүүчүлүк, үй шартында тигүүчүлүк - 40 (56,3%);
- сатып алуу жана сатуу (кийим-кече, жер - жемиштер) - 13 (18,3%);
- такси кызматы - 3 (4,2%);
- таттууларды өндүрүү жана сатуу (торттор, печенье ж.б.) - 6 (8,4%);
- сүрөт тартуу, фото, видео тартуу, кулак тешүү, саймачылык, самын жасоо жана башка иштер - 9 (12.6%).