2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында  борбордун акимчиликтеринде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын жана «РСК Банк» ААКнын өкүлдөрүнүн  турак жайларды газдаштыруу маселелери боюнча калк менен жолугушуулары өттү.

Күз-кыш мезгилинде экологиялык абалдын начарлап баратканын эске алып, (түтүн көйгөйү) «Газпром Кыргызстан» жана «РСК Банк» «Газдаштыруу» кирешелүү насыя продуктусун иштеп чыгышты.

Жолугушууларда райондордун тургундарына 150 миң сомго чейин насыяны төмөнкү пайыз менен, күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмсүз алууга болору айтылды. Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша насыяны төлөө үчүн эң ыңгайлуу мезгилди адам өзү тандайт – үч ай же эки жыл.

Борбор калаанын акимиаттарында жеңилдетилген насыя берүүнүн негизинде газ менен жылытууга кошуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Көмүрдөн газ менен жылытууга өтүү боюнча тургундарга маалымат берүү иштери кызуу жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары, абанын булганышын кыйла азайтуу максатында, жылуулуктун альтернативдик түрүнө өтүүнү сунуштайбыз.