Октябрь районундагы Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда.

Район башчысы Жаныбек Орозалиев Төкөлдөш жаңы конушундагы турак жайларды газдаштырууга катышты.

Бүгүнкү күндө Октябрь району боюнча Төкөлдөш, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарындагы 7808 турак жайдын ичинен 4363 турак жай жаратылыш газына кошулуду, бул  56%ды түздү.

Белгилей кетсек, акимчиликтин кызматкерлери  №6 МАБ,  кварталдык комитеттер менен биргеликте жер-жерлерде курулуш-монтаждоо иштеринин баалары жана газ бөлүштүрүүчү тармактарга кошулуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Урматтуу шаар тургундары, абанын булганышын кыйла азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдик түрүнө өтүүнү сунуштайбыз.