Свердлов районунда Ауэзов көчөсү «Чынар» базарынын айланасында дарактарды кыркуу иштери жүргүзүлүүдө;


Ленин районунда: Северный көчөсү (Чоң-Арык) Айтиев көчөсүнөн Кожобергенов көчөсүнө чейин – 20 бак;


Октябрь районунда Карасаев көчөсү боюнча №14 орто мектептин жанындагы 10 бакка кыркуу иштери жүргүзүлдү;


Биринчи май районунда – Чүй-Логвиненко – Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү авариялык абалда деп таанылган дарактар кыйылды.


Күн сайын эртең менен «Тазалык» муниципалдык ишканасы калааны тазалоо иштерин жүргүзөт. Бүгүн Октябрь районунда 98 короо шыпыргыч жана 9 бирдик техника; Биринчи май районунда – 155 короо шыпыргыч жана 10 бирдик атайы техника; Свердлов районунда – 121 короо шыпыргыч жана 9 бирдик техника; Ленин районунда – 118 короо шыпыргыч жана 13 бирдик атайы техника  тартылды.