Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Биринчи май районунда жөө жүргүнчүлөр үчүн “ Гүл бакча ” пайда болот.

Келечектеги жөө жүргүнчүлөр зонасы курулган жерде Биринчи май муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу Руслан курулуш иштеринин деталдарын талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө жакында жалпы көрүү үчүн сунушталуучу гүл бакчанын долбоорунун даярдыгы тууралуу, ага Медеров көчөсүнөн баштап Абай көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү тандалып алынганы айтылды.

Белгилей кетсек, жөө адамдар өтүүчү зонанын курулушу жергиликтүү акимчилик, «Бишкекбашкыархитектура» МИ менен Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын биргелешкен ишинин натыйжасы болуп саналат.