Ю.Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорт аялдамасын реконструкциялоо иштери аяктап жатат.

Анын жыйынтыгы менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, «Бишкекасфальтсервис» МИнин, «Бакай Банк» ААК өкүлдөрү таанышты.

Ошону менен бирге коомдук транспорттун аялдамаларын муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча документтерге кол коюлду.

Эми аялдаманы видеобайкоо камералары, Wi-Fi, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор менен жабдуу пландалууда.

Долбоор «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыгып, «Бакай Банк» ААКтын эсебинен ишке ашырылган.

Эске салсак, бул  аялдаманы  жай мезгилинде кондиционер жана кышында жылытуу системасы, ошондой эле декоративдик коомдук транспорттун маршруту, жарнакты жарыктандырган куту, маалыматты LED экраны менен камсыз кылуу да каралган.

Мындан тышкары, жол тыгындарын болтурбоо жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан тротуарды кеңейтүү, жол бордюрларын орнотуу, асфальт төшөө менен аялдама жылдырылды.