Борбор калаанын мэриясы КРнын триатлон Федерациясы менен 69 мектеп-гимназиянын бассейнин капиталдык оңдоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол койду.

Оңдоо иштери жакында башталат.

Иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү пландаштырылууда: суу берүү жана чыпкалоо системасын, душ, чечинүүчү жайларды, машыктыруучу, административдик жана техникалык жайларды оңдоо жана модернизациялоо.

Ошондой эле келишим боюнча мектептин спорт аянтчасы жана чуркоочу спорттук айлампаны оңдоо, аларды заманбап резина менен каптоо жана жаңылоо пландаштырылууда.

Оңдоо иштери  5 айдан 7 айга чейин жүргүзүлөт. Федерациядан жана өнөктөштөрдөн тартылган инвестициялардын көлөмү 30 000 000 сомдон ашат.