Борбор калаада стихиялуу сооданын тирешүүсү уланып, мында видеокөзөмөл камералары өзгөчө роль ойной баштады.

Биринчи май районунун акимчилиги, РИИБ жана МАБдардын кызматкерлери биргеликте мыйзамсыз көчө соодасы боюнча дагы бир иш жүргүзүштү.

Алсак, видеокөзөмөл камераларына тартуунун натыйжасында май айынан бери гана көчөдө мыйзамсыз соода кылгандыгы үчүн 145 000 миң сомго 34гө жакын протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, унаа токтотуу эрежелерин бузуулар камеранын объективине түшүп калгандыктан, ЖККБ тарабынан бузуучуларга Кыргыз Республикасынын «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 188-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып салынган. Эркиндик бульварынан 15ке жакын унаа эвакуатор менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Эске салсак, борбор калаанын борбордук бөлүгүнө 22 видеокөзөмөл камерасы орнотулган, анын ичинен 5 адам жүзүн таануучу камера, 16сы Эркиндик бульварынын боюна, 4ү И.В. Панфилов сейил багына.
Көзөмөл камералары мыйзам бузууларды жазууну улантууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5 айында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 417 миң сомдук 128 протокол түзүлгөн.

Урматтуу жарандар! Борбор калаада соода кылуу эрежелерин  жана тартипти сактоону суранабыз.