Борбор калаада "Тазалык сенден башталат" деген урааны менен  акция өтүүдө!

Акцияны борбор калаанын мэриясынын шаардык кызматтары баштады. Алардын аракети менен ар бирибиз үчүн тазалыктын маанилүүлүгүн чагылдырган бир катар видеолор, анын ичинде анимациялык роликтер даярдалды.

Акцияга белгилүү шоумендер, инфлюенсерлер Элдияр Кененсаров менен Сергей Абдулниязов да кошулду.

Октябрь акимиаты да шаар тургундарын тазалыкты сактоого адаттан тышкаркы түрдө  чакырды. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков, манасчылар тазалык тууралуу “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды урналарга жана таштанды контейнерлерине салыңыздар. Шаардагы тазалык ар бирибизден башталат!