«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарындагы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо  иштерин жүргүзүүдө

Ишкананын кызматкерлери «Арча-Бешик» конушунда  жарыктандыруу иштерин баштады.

Ишкананын бригадасы Ак-Туз көчөсүндө   Кара-Кужур  жана Кызыл-Адыр көчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле Абдрахманов көчөсүндө Бакаев жана Иманкулов көчөлөрүнүн ортосунда иш алып барышты.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 42 светодиоддук чырактарды, ошончо даана кронштейндерди орнотушту. Ошондой эле болжол менен 1100 метр изоляцияланган зым (СИП) жана 400 метр кабель тартылды.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.