Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл
башкармалыгы курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолорду ирээтке келтирүү иштерин жүргүздү.
Алсак, 17 эскертүү берилип, 15 менчик ээлери тосмолорду иретке келтирип, 2  иш  аткарылууда.

Биринчи май районунда төмөнкүдөй билдирүүлөр берилди:

- Кулатов - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги беш кабаттуу үй;
- Горький - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч кабаттуу дүкөн;
- Эркиндик бульвары менен Линейная көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үй;
- Фучик көчөсү, 38 дарегиндеги көп кабаттуу үй.

Свердлов районунда:
- Жибек-Жолу проспектиси  №293, 295 дарегиндеги  жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар тогуз кабаттуу, көп батирлүү турак-жай;
- Сүйүмбаев көчөсү  № 59, 61 даректериндеги СКБ объекттери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлары бар он эки кабаттуу турак жай;
- Кийизбаев көчөсү №32, 34 дарегиндеги көп кабаттуу үй.

Октябрь району:
- Юнусалиев көчөсү №185 дарегиндеги  алты кабаттуу соода жана бизнес борбору;
- Медеров көчөсү №12 дарегиндеги  дарыкана;
- Юнусалиев көчөсү № 46, 48 дарегиндеги кеңсе;
- Кулатов - Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үй;
- Анкара, №2,№3/6, №3а дарегиндеги   жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 9, 16 кабаттуу турак-жайлар.

Ленин району боюнча:
- Д.Садырбаев  - Абдрахманов көчөлөрү  №140 дареги боюнча 9 кабаттуу турак жай;

- Айни көчөсү №95, 97 - Кантов чолок көчөсү №20, 2 даректериндеги 12 кабаттуу турак жай;

- Люксембург  №84 —  Матыев көчөсү  даректери боюнча 10-кабаттуу турак-жай;

- Айни №73 дарегиндеги кеңсеси, соода аянты жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 9 кабаттуу көп батирлүү турак жай;

- Д. Жунушалиев көчөсү №38 —  2-линия көчөсү №33 дареги боюнча СКБ объекттери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлары бар 12 кабаттуу турак жай.  

Бул буйруктун аткарылышы мэрдин орун басары Мурат Осмоновдун көзөмөлүндө. Анын айтымында, тиешелүү көрсөтмөлөр талаптагыдай аткарылбаган учурда объектилердин ээлерине административдик чаралар көрүлөт.